Алмамбет Шыкмаматовдун жактоочусу шаардык сотко кассациялык даттануу келтирди

Бүгүн, 24-май күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Алмамбет Шыкмаматовдун ишин карады. Анда айыпталуучулардын жактоочулары ишти Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотуна өткөрүү өтүнүчүн келтиришкен. Бирок судья Айбек Эрнис уулу ал өтүнүчтү канааттандырган жок. Буга макул болбогон жактоочулар Бишкек шаардык сотуна кассациялык даттануу келтиришти. Кийинки соттук отурум качан болору белгисиз калды.

"Шаардык сот даттанууну бир жуманын ичинде карап, ишти Свердлов райондук сотуна өткөрүү же Биринчи Май райондук сотунда калтырууну чечет", - дейт Шыкмаматовдун жактоочусу Чынара Жакупбекова.

Шыкмаматов менен бирге Эсептөө палатасынын мурдагы аудитору Жусуп Иманалиев, "Барат Люкс" ишканасынын директору Али Юксел да айыпталышууда.

Айта кетсек, депутат "коррупция", "кылмышка шериктеш болуу" беренелери боюнча айыпталууда. Шыкмаматов өзүнө тагылган айыпка макул эмес, муну ал "саясий кысым" деп атап келет.

УКМК Шыкмаматов жеке кызыкчылыгын көздөп, аялынын Мерседес Бенц Е320 үлгүсүндөгү унаасын кымбат баага сатуу үчүн "Барат Люкс" ишканасын тендерге катышкандардын катарына кошууну демилгелеген деп жатат. 24-февралда Шыкмаматов УКМКга чакырылып, 9 сааттан ашуун убакытка суракка алынган. 27-февралда, 3-мартта да суракта болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
boris8907
2017-05-24 14:40:38
Бийлик башын жегени калды
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан