Бүгүн, 30-май күнү “Супер-Инфо” гезитинин редакциясында басылманын 15 жылдыгына карата өткөрүлүп жаткан оюн-утуштун кезектеги жеңүүчүсүнө белек тапшырылды. Ош шаарындагы окурмандар үчүн ойнотулган оюн-утуштун жеңүүчүсү Алтынай Моминованын ордуна белегин жеңүүчүнүн сиңдиси Гүлзат Кыргызбаева алып кетти.
Алтынай Моминовага байланышканыбызда, ал: “Супер-Инфо” гезитин 7-8 жылдан бери окуп келем. Буюрса, өмүр бою окуйм. Тааныштарым “акчаңдын баарын “Супер-Инфого” жумшайсың деп урушуп калышат. Негизинен мага фотороман сыяктуу сандан-санга чыккан макалалар жагат. Гезитти сатып алган соң аягына чейин окуйм. Ылайым саныңар көбөйө берсин!” - деди.