2017-жылдын 29-майында УКМК тарабынан өлкө аймагында ири партиядагы ок-дары саткандарга ыкчам изилдөө иштери өткөрүлгөн. Анын натыйжасында 2100 даана 7,62 миллиметрлик калибрдеги октор менен 3 жаран кармалды. Бул маалыматты УКМКнын басма сөз кызматы жарыялады.
“Алардын жашаган жайларын тинтүү маалында 4 даана ок атуучу курал 118 огу менен табылды. Ошондой эле бул адамдар 2017-жылдын май айынын башында 7,62 миллиметрлик калибрдеги 700 даана окту сатканы белгилүү болду. Бул факты боюнча УКМКнын тергөө башкармалыгы "ок атуучу куралдарды, окторду, жардыргыч заттарды мыйзамсыз сактоо, сатуу, алып жүрүү, ташуу" беренелери менен кылмыш ишин козгоду”, - деп айтылат маалыматта.