Иран АКШнын соккулары боюнча билдирди

Ирандын өзөктүк коопсуздук борборунун билдирүүсүндө, Тегеран расмий түрдө АКШны өзөктүк объекттерге кол салууга айыптады.

Чет элдик басылмалардын маалыматы боюнча, соккудан кийин Иран булгануунун эч кандай изин байкай элек. Иран парламентинин төрагасынын кеңешчиси билдиргендей, өлкө Фордо өзөктүк объектисине кол салууну күткөн, ошондуктан аны эвакуациялады жана орду толгус зыян болгон жок.

Бул арада бүгүнкү соккудан кийин өзөктүк өнөр жайын өнүктүрүүнү токтотууга ниеттенбей турганын Ирандын Атомдук энергия боюнча уюму билдирди.

Тегеран эл аралык коомчулук өлкөнүн өзөктүк объектилерине АКШ тарабынан болгон соккуларды айыптаарын күтөрүн билдирди. Ага улай Кубанын президенти АКШнын жасаган соккусун кооптуу эскалация катары айыптады. Ал эми БУУнун башкы катчысы АКШнын Иранга жасаган соккусун "коркунучтуу эскалация" жана тынчтыкка жана коопсуздукка түз коркунуч деп атады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан