Ош-Исфана жолунда Патрулдук милициянын кызматкери 12 жашар кызды сүзүп кетти

Ош-Исфана жолунда Патрулдук милициянын кызматкери 12 жашар кызды сүзүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 1-июнда SUPER.KG порталына Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Ош ОИИБинин Патрулдук милициясынын кызматкери 31-май күнү жумуштан чыгып үйүнө баратканда кечки саат 20:00 чамасында Ош-Исфана жолунун 1-чакырымында капыстан жолго чыга калган Н.М. аттуу 12 жашар кызды сүзүп кеткен. Жабыркаган кыз ошол замат бейтапканага жеткирилген. Кыздын буту сынгандыгы аныкталган. Учурда анын ден соолугу жакшы", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, аталган факт боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп, кызматтык иликтөө башталган. Унаа башкарып бараткан кызматкер спирт ичимдигин ичпегендиги аныкталган. Ал эми кыздын алган жаракаты боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
tular
2017-06-01 15:36:14
Азыркы маалда ушундай чыгыптыр, машинага жаш оспурумдор боюн таштап. Эмне десе адреналин дешип...
-6
meniuk
2017-06-01 15:44:44
tular,чыгыптыр антиптир мынтиптир деп кайдагы жок нерсени жазып ХХХ жазбай деле койсон болмок зээриккен немесинго
+4
gulmira12345
2017-06-01 15:42:29
аа кокуй эми кыз куноолу болот понятная дело болуп атпайбы
+3
kechirmeni
2017-06-01 15:51:09
Чындыгында бул же тигил куноолуу деп бироону куноолош кыйын болуп калды. Себеби эрежени сактап корсотулгон ылдамдыкта жай баратсан деле бала чыга калат дагы айдоочу куноолуу болуп калат. Анан ата эне балдарын карабайбы дейин десен ата эне деле постоянно баласын карап отура албайт да. Келип эле кырсык экен да. Андан качып кутула албайт экенсин.
+7
Gena1
2017-06-01 16:00:21
kechirmeni, 100% кошулам. Бироону куноолой албайсын кээ бир кырдаалда.
0
lsfayram22
2017-06-01 16:29:21
Жогору макаладагы Масалиевке түшүнбөймда кошуна айылыбыздан болот.Эки жолу депутат болду элине бир кымындай пайдасы тийбеди.Анан бир жакшы иштеген адамга айлыгы бизден көп экен дейт.Бул көрө албастыкпы...Айлыгыңыз аз болсо Москвага келиңиз дворго ишке киргизейин,сиздерден көп алышат айлыкты түндү түн күндү күн деп тынбай иштеп.Кыргызстан үчүн иштегилечи бириңдикин бириң чукубай ...
+7
Jangazy
2017-06-01 22:06:58
lsfayram22,ха ха
0
Rysbek91
2017-06-02 09:19:26
ПМ сузсо капыстан чыга калат...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан