Иштебеген адамдар үчүн айлык маяна алган Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Иштебеген адамдар үчүн айлык маяна алып жүргөн Улуттук илимдер академиясынын алдындагы Суу көйгөйлөрү жана гидроэнергетика институтунун кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 1-июнда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жогоруда аталган институттун жооптуу кызматкерлери 2013-жылдан тартып ушул күнгө чейин иштебеген үч адам үчүн айлык маяна жаздырып, кийин өздөрүнө өткөрүп келишкен. Мындай иш-аракеттердин натыйжасында мамлекетке 720 миң сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилген. Факты боюнча "ишенип берилген мүлктү өзүнө өткөрүп алуу", "кызматтык жасалмалуулук" беренелери менен кылмыш иши козголду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Hatali
2017-06-01 19:56:19
Мындайлар коп окшойт.Кечоо жакында менин ,бир таанышым (гос жумушта иштейт)за граница кетем иштегени алты айга дейт.Жумушун не болот десем директор менен суйлошсом макул болду .Ордумду эч кимге бербей мени иштеп атат деп алты ай айлыгымды ала берет дейт.Оозум ачылып калды...
+6
wwwbaxa
2017-06-01 20:04:22
тартип,текшерүү жок да.муну дагы кокустан эле билип калды,же доля бербей койду....
+6
tumann.
2017-06-01 22:35:15
Депутаттар деле приздент баш болуп иштебей эле айлык алышып журбойбу баары эле.
+2
gulsara2682
2017-06-02 03:10:00
Мындай "мёртвый душалар" коп эле чыгатго.Жогоруда жазылгандай мектептерде толтура болсо керек.Бир катуу текшеруу жургуссо барбы.
+1
madina.87
2017-06-02 03:47:00
Биздин садикте да ушундай экен.
Бирден эле группа бар,ошол группаны эки группа деп жаздырып,биринин айлыгын жетекчиси жейт экен.
+1
sladkaja_konfetka
2017-06-02 08:05:30
Толтура мындайлар, КР де айлык акы аз, бирөөнү жаздырып коюп 2 айлык алгандар...
Жаздырып койгондун эмгек китепчеси, стажы жүрө берет, өздөрү Россия ж.б. чет жерде жүрүшөт...
0
Kroxa
2017-06-02 10:25:29
Соц фонддо олгон кишинин пенсиясын алып аткандан кийин башкага соз жок..
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан