Араван районунда үлүш жерине кара куурай өстүргөн 24 жаштагы жергиликтүү тургун кармалды

Ош облусунун Араван районунда 24 жаштагы жергиликтүү тургун үлүш жерине кара куурай өстүрүп жаткандыгы аныкталды. Мындай маалыматты бүгүн, 2-июнда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иш-чараларын өткөрүүнүн жүрүшүндө кармалган тургундун өстүрүп жаткан өсүмдүгү кара куурай баңгизаты экендиги аныкталды. 512 түп куурай алынып, жалпы 91 килограммдан ашык салмакты түзгөн. Учурда аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары уланууда", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Yktyjar
2017-06-02 09:20:36
Бут Аравандыктарды жаманатты кылбай атын фамилиясын толук жазбайсынарбы ХХХ болсо керек бул дагы
+5
admin_superstan
2017-06-02 10:34:00
Yktyjar, улут аралык талаш-тартыш жаратуучу билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
-1
rysik79
2017-06-02 09:49:44
Криминал дыйкан
+1
jake91
2017-06-02 10:02:00
Милицияларга акчаны берип кутулуп кетет дагы
+1
Kroxa
2017-06-02 10:29:14
Тупто ар бир улуш жерде талаада тоодо айдабасан деле бакпасан деле чыга берет...кара куурайды жогото алышпай келишет го ушул кунго..
+3
aliko78
2017-06-02 11:22:11
Аравандын башка жерлеринде деле толтура осот мындайлар. Бул жерде результат керек болуп эле бир бечараны кармашыптырда.
+1
Jangazy
2017-06-02 17:05:11
1 килограммы канча сом болот примерна
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан