1-июнда саат 21:10до Чоң-Алай районунда очогунда күчү 5 баллга чейин жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Жер титирөөнүн очогу Ош облусунун Чоң-Алай районунун аймагында орун алган. Жер титирөө Жар-Башы, Кулчу, Чак, Кара-Шыбак айылдарында 4,5 балл, Шибээ айылында 4 балл, Карамык, Кара-Тейит, Ачык-Суу айылдарында 3,5 балл сезилген.