Ала-Бука районунун Өрүктү айыл аймагында 2-июнга караган түнү катуу жааган жамгырдын кесепетинен, Ак-Башат сел сайынан жана Өрүктү-Сай суусунан сел суулары ашып кеткен. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Сел суулары Өрүктү-Сай айылынын жогору тарабынан өткөн Эшме сугат каналына курулган түтүкчөдөн ашып, 1 турак жайдын короосуна кирип, бак-дарактарын кулаткан.
Өрүктү-Сай суусунан келген сел суулары оң жээгинде жайгашкан 2 турак жайдын короолоруна кирип, 1 кожолуктун үлүш аянттарынын жээктерин жеп, эгилген бак-дарактарын алып кеткен.
Колоттордон агып келген сел суулары Өрүктү-Сай суусуна кошулуп, сайдан ашып, сайдын сол жээгиндеги 1 турак жайдын короосун каптап, үйдүн арткы дубалы кулап түшүп, авариялык абалга келген. Ал турак үйдө учурда эч ким жашабайт, көп жылдан бери кароосуз калган. 4 кожолуктун үлүш жерлеринин жээктерин сел суулары жеп кеткен.
Жабыркагандар жок. Өрүктү-Сай суусунун нугун буруу, түздөө жана сайдын жээктерин бекемдөө жумуштары аткарылган, ага райондук №17-жол тейлөө ишканасынын 1 жүктөгүч, 1 самосвал тартылган. Тазалоо жана калыбына келтирүү иштери уланууда.