Бишкектин борбордук көчөсүндө катуу ылдамдыкта келе жаткан унаа жөө жүргүнчүнү сүзүп кетти (фото)

Бишкекте катуу ылдамдыкта келе жаткан унаанын айдоочусу жөө жүргүнчүнү сүзүп кетти. Окуя "Ала-Тоо" кинотеатрынын алдындагы жөө жүргүнчү өтчү жайда болду. Айдоочу Чүй көчөсү менен чыгышты көздөй бара жатканы айтылды.

Кырсыктын күбөсү Казыбек Уметов SUPER.KG порталына окуя кандай болгонун айтып берди. "Мен жабыркаган жаран менен жөө жүргүнчү өтүүчү жолдон өтүп бара жаткам. Батыш тараптан келе жаткан Тойота Авенсис унаасы катуу ылдамдыкта келип жанымда кетип жаткан адамды сүзүп алды. Жаракат алган жаран адвокат болуп иштейт", - деди.

Жол кырсыгы болгон жерде кармалган айдоочу Максат Сейитов "Күн чагылышып көрбөй, эмне болгонун түшүнбөй калдым" дейт. "Тез жардам" кызматы жаракат алган адвокатты ооруканага алып кетти.

Бишкекте жүргүнчүнү унаа сүзүп кетти
Жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен айдоочу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
UlukmanKalyev
2017-06-02 11:24:56
Жол кырсыктары мынчалык деңгээлге чыккан эмес быйылкы жылы көрсөткүч жогору.
+5
aerforce
2017-06-02 11:34:08
Козун чагылышса акырын айдасан болбойбу? Тем более чуй кочосу болсо арканда таянган бироо барда козунду май бастырып кырсык кырсык баарынын башында бар бирок шайтанга шылтап куноону тзубуз кылабыз деген чында
+2
tular
2017-06-02 12:13:43
Кудай сактасын
+4
Saadanbek
2017-06-02 12:42:25
адвокат болсо шорунду кууратат эми.
+5
adiletik
2017-06-02 13:10:43
Кырсыкда ким эле киши сузгусу келсин. Сузулгон киши аман калыптыр эн негизгиси жакшы болуп кетсин.
+12
Nevestkaa
2017-06-02 13:20:44
Булардын бетин бадырайтып эле көргөзүпсүңөр го,неге?
+2
alyke.9696
2017-06-02 13:23:49
Биринчи скорый врачы жок келгенин карабайсынарбы?
+5
Kroxa
2017-06-03 11:40:35
alyke.9696,ал жон эле отуп бараткан скорый экен тиги чакырганы 45 минутада аран келди болгондо да борбордун борбордук чуй кочосу,,45 минутада адам олуп калышы мумкун катуу сузулгон болсо..жоопкерчилик деген жок скорыйы жок эле таксиге салып барыш керек башка чет жакта кокус кырсык болсо 5саатта барышат тез жардам эмес эле кеч жардам деп жазып алышса..машинелерине...
0
Kyialbek0410
2017-06-02 13:50:23
Алла озун сакта.эми пешоходтон откондо пистолет такап токтотуп отот окшойбузго
+5
Djal1987
2017-06-02 14:36:12
Машина айдагандар ойлонгула бир кун бир чондун баласын сузуп алсанар шорунар куруйт
+3
Lekarstvosvoegomuja
2017-06-02 14:48:12
Айдоочу азамат качып кетпептир
0
Aidani
2017-06-02 17:09:36
Адвакат экен шору куруду айдоочунун, айдоочу деле жон жердин баласы эмес го
0
Aidani
2017-06-02 17:17:51
Тез жапдамга соз жок дагы жакшы 45,мин келиптир биз чакырганда 2саатта келди эле
0
shamalchanin
2017-06-02 21:51:08
adiletik айткандай кырсык да бул. атайын сузбоду тиги жигит. ушул жерде деле копчулугубуз айдоочубуз, этияттагыла жолдордо. сак болуп айдагыла.
0
1234
2017-06-04 11:16:19
Бул кырсык никто от этого не застрахован, кудай сактап аман калыптыр айдоочу качып кетпептир соо экен эми ким эле киши сузгусу келсин орозо да турбайбы может башы айланып кеткендир, боодо кырсыктан кудай сактасын!!!
0
admin_superstan
2017-06-13 12:25:54
1234, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан