Ысык-Атада 23 жаштагы аял бир жашар баласын бычак сайып өлтүрдү

Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Красная Речка айылында жашаган аял 28-майда күндүзгү саат 12:30дар чамасында өз үйүндө бир жаштагы уулунун моюн тушуна бычак сайып салган.

Бул туурасында SUPER.KG’ге Чүй ОИИБинин басма сөз катчысы Нурбек Токтосунов кабарлады.

2017-жылдын 28-майында Ысык-Ата районунун Красная Речка айылындагы үйлөрдүн биринде адам өлтүрүү фактысы катталгандыгы тууралуу кабар түшкөн. Ыкчам тергөө тобу барганда 23 жаштагы аял бир жаштагы уулунун моюн тушуна бычак сайып салгандыгы аныкталган. Ал жаш бала алган жаракатынан ошол жерден жан берген. Бул факты боюнча Ысык-Ата РИИБи тарабынан адам өлтүрүүгө шектелген аял кармалып кылмыш иши козголуп тергөө уланып жатат”, - деди Токтосунов.

Алдын ала маалыматтар боюнча баласын бычактаган аял күйөөсү менен ажырашып кеткен. Мындан бир жума мурда аны менен урушкандыгы айтылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (31)
raykray
2017-06-02 15:29:12
ушундайдайды окуган сайын кобойуп жатат, жегенибиз химия, мээ деген назик тез жабыркайт нервтен ооруулуу коп, педофилди окуп алар кобойуп баратат,
0
Mumu1986
2017-06-02 15:30:47
Куйоосу менен урушса не болуптур? Бала баарынан ыйык туратго. ХХХ ХХХ
+1
m.a.d.e_i.n_m.a.m.a
2017-06-04 10:08:07
Mumu1986,ошол да. Мен да жакында 23 кө чыгам. Балам 1 ге чыгат. Мен да күйөм менен ажырашчу эки жолдо турабыз. Балам жанымда. Күйөм менен күндө урушабыз. Мен баламдан кутулуунун жолун издебей тескерисинче кучактап ыйлап кечирим сурайм. Атасыз калтырып койсом кечир мени, мени күнөөлөбө кийин деп. Байкуш бала чоңоет эле да бир күнү ал дагы...
0
Adi97
2017-06-02 15:53:30
Bul ayalga jin kirip ketken go
0
Balam_bakytym
2017-06-02 16:33:19
Oorukchan okshoit. Akyl esi jaiynda enenin kolunan ech kachan myndai mykaachylyk kelbeit.Baikush nariste(((
+3
mandalak
2017-06-02 17:06:26
Аял ХХХ ХХХ 1 жаштагы бала да эмне куно шорду Куйоосун экоонун ХХХХ.
0
aseras
2017-06-02 17:11:08
Ай ай журогумду оорутту го бул кабар.Ушундай эле баладан тойсон жетим канага бербейт белен! Канчалаган адамдар бала багып алат элек деп журушот. Мен деле багып алмакмын берсе.
0
Begimkyz
2017-06-02 17:29:32
Бала кыйналып чыркырап ыйлагандыр ошол убакта. Элестетип жүрөгүм титиреп кетти, Кудай жазаңды берсин!!!
+4
Nurka8931
2017-06-02 19:26:44
Bul ayaldi omur boyu turmodo karmaw kerek akmak
-1
dinar.meilibaeva
2017-06-02 20:40:06
Тообо балага зар болсун ылайым.
0
Morskayazvezda
2017-06-02 21:15:45
Ооруган кыз экен. Төрөттөн кийин ооруп калган экен. Дайым эле кайтарып отурчу экен үйүндө . Чай ичип келгиче сиңдиси ушул ишти кылыптыр. Бешикте жаткан жеринен .
0
asan.toluktuk
2017-06-02 21:33:10
аялдын чачы узууууун............
0
JaneEr
2017-06-03 00:26:20
Билип билбей эл бир нерсе деш кыйын.
+1
Morskayazvezda
2017-06-03 04:27:42
JaneEr,Туура айтасыз. Мен ойлодум улуту жазылбаса кыргыз болбосо керек деп, анткени Красная речкада көп улут жашайт. Көрсө адашыптырмын өзүбүздүн эле кыргыз кыз экен.
0
Nora
2017-06-03 05:00:41
kattu stres boluptur da baikush kelin, balaluu bolush onoi emes, bolgondon kyiyn any bagysh dagy onoi emes, ishi kylsa kyiynchylyktyn baaryn aiyaldar kotorot Kyrgyzstanda, emmi boloru boluptur, peshenesine jazgandy korot.
+2
datkayimjan
2017-06-03 12:45:56
Депрессия
0
Parish
2017-06-04 10:01:34
Шезофренник аял .
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан