Бүгүн, 2-июнда Чүй кең көчөсү менен Эркиндик бульварынын кесилишинде жөө жүргүнчүнү унаа сүзүп, "Тез жардам" кызматы менен ооруканага жеткирилген болчу. Учурда 1963-жылы туулган жабырлануучу Дайыр Бегимбаев эки буту, колу сынып жана баш мээси чайкалып, Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун жандандыруу бөлүмүндө жатат.
Бул кабарды SUPER.KG’ге окуянын күбөсү Казыбек Уметов билдирди:
"Дарыгерлер Дайырдын эки буту, колу сынып, баш мээси чайкалгандыгын айтышты. Ал жандандыруу бөлүмүндө. Туугандары, аны сүзгөн айдоочу да ошол жакта жүрөт".
Айдоочунун унаасы айып төлөөчү жайга жеткирилип, өзү наркологиялык текшерүүдөн өткөнү, кырсык боюнча иликтөө иштери жүрө турганы белгилүү болду.
Эскерте кетсек, бүгүн катуу ылдамдыкта келе жаткан унаанын айдоочусу Бишкектин борбордук көчөсүндөгү "Ала-Тоо" кинотеатрынын алдынан жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен болчу.