Улуу Британиянын борбору Лондон шаарындагы кол салуудан 6 адам каза болуп, 30дан ашууну жаракат алды. Каза болгондор жана жаракат алгандар мындан да көп болушу мүмкүн. Британ полициясынын маалыматы боюнча, 4-июнга караган түнү Лондон көпүрөсүндө өтүп бараткан унаа адамдарды сүзүп баштаган.
Андан соң адамдар көп жүрчү "Боро Маркет" районуна жетип, кылмышка шектүүлөр унаасын таштап, көчөдөгү адамдарга бычак менен кол салышкан.
Бийлик бул окуяны теракт катары баалаган. Лондон полициясынын контртеррордук бөлүмүнүн башчысы Марк Роули кылмышка шектүү үч адам өлтүрүлгөнүн, иликтөө уланып жатканын билдирди. Борбор калаада коопсуздук чаралары күчөтүлгөн.
Белгилей кетсек, бул теракт март айынан бери 3-теракт. 22-марттагы Лондондогу кол салууда 5 адам каза таап, 40тан ашык адам жаракат алган.
22-майда болсо Манчестер шаарынын стадионунда эл концерттен тарап жатканда жан кечти өзүн жардырып, 22 киши каза таап, 60тан ашуун адам жаракат алган.