Бүгүн, 4-июнга караган түнү Италиянын Турин шаарындагы "Сан-Карло" аянтында "Ювентус" футбол клубунун күйөрмандары арасында пайда болгон тыгындан 600дөй адам жаракат алды. Айрым басылмалар 1000ге жакын адам экенин маалымдашты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кабарлашууда.
Маалыматтарга караганда, оюн учурунда аянтка жардыруучу зат бар экенин айтып, бир өспүрүм кыйкырып келген. Элдер сыртка чыгуу үчүн чуркап, жыйынтыгында тыгын пайда болгон. Анда 3 жашар бала жоголуп, учурда полиция кызматы издөөдө. Жаракат алгандардын арасында кеминде 2 адамдын жана 4 жашар баланын абалы оор.
Белгилей кетсек, бүгүн Чемпиондор Лигасынын финалдык оюну орун алды. Анда мадриддик "Реал" "Ювентусту" жеңип, экинчи жылы катары менен аталган мелдешти утту.