Тышкы иштер министрлиги: "Лондондогу терактта жабыркагандардын арасында Кыргыз жарандары жок"

Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда Лондондогу терактта жабыркаган Кыргыз жарандары жок. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинен билдирет. "Улуу Британиядагы элчилик жергиликтүү бардык тийиштүү органдар менен байланышып, тактоону улантып жатат", - деп жазылат маалыматта. Жаңы маалыматтар болсо билдирүү таратарын элчилик кабарлаган.

Эске сала кетсек, Улуу Британиянын Лондон шаарында 3-июндан 4үнө караган түнү, кичи автобус айдагандар көпүрө жээгинде турган адамдардын тобун жарып кирген. Андан соң адамдар көп жүрчү "Боро Маркет" районуна жетип, кылмышка шектүүлөр унаасын таштап, көчөдөгү адамдарга бычак сайып башташкан. Британиянын тийиштүү кызматтарынын берген маалыматтарына караганда каза болгондордун саны 3 ал эми жаракат алгандардын саны 20га жетет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан