Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Кара-Үңкүр дарыясына 4 жашар кыз чөгүп кетти. Мындай маалыматты бүгүн, 5-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Талды-Булак айыл аймагында 2013-жылы туулган кыз Кара-Үңкүр суусуна түшүп кеткен. Кырсык 3-июнь күнү катталган.
"Сууга агып кеткен кызды издөө иштерине ӨКМнын куткаруу бөлүмүнөн 12 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 30 адам тартылган. Жыйынтыгында кызды таба алышкан эмес. Учурда издөө иштери улантылууда", - деп билдирди басма сөз кызматы.