Бишкекте 41 жаштагы аял көп кабаттуу үйдөн кулап каза болду

Бишкекте 4-июнь күнү 41 жаштагы аял көп кабаттуу үйдөн кулап каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин басма сөз катчысы Адыл Оморов билдирди.

"4-июнь күнү саат 18:00 чамасында "Асанбай" кичи районунда 5-кабаттан бир аялдын кулап кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн. Милиция кызматкерлери жерине барып кулаган аялдын жансыз денесин табышкан. Кийин ал аялдын өздүгү такталып, 1976-жылы төрөлгөн ошол үйдүн тургуну экендиги аныкталды", - дейт Адыл Оморов.

Мындан сырткары учурда иликтөө иштери жүрүп жаткандыгын белгилеп, азырынча өзү боюн таштап жибергендиги же кулап кеткендиги белгисиз экенин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Alibay
2017-06-05 12:09:29
Жанынан тойгондур да .Бирок жанына кол салуу жакшы эмес.
0
kychan.98
2017-06-05 12:31:10
Жаткан жери жайлуу болсун
0
Kroxa
2017-06-05 13:04:52
Нервныйлар коп кок беттер андан ашып тушот бир нерсе десе эле олом деп чуркашат бекер кылышат бул чоон куноо оз жанын кыйган...олом деп озу олсо мейли озу учун баары..
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан