Бишкекте окуучу кыз экзамен тапшыра албай калып асынып алгандыгы айтылууда

Бишкекте 9-класстын окуучусу асынып алды. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Бишкек ШИИБинин басма сөз катчысы Адыл Оморов билдирди. Анын айтымында окуя Свердлов районунда болгон.

“5-июнь күнү саат 18:00дөр чамасында өспүрүм кыз асынып алганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Кийин ал 2002-жылы төрөлгөн кыз экени белгилүү болду. Өспүрүм өгөй атасы менен турчу экен, асынып алганын да биринчи өгөй атасы көргөн. Денесинде урулган же башка шек жараткан тактар жок. Калган маалыматтар соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен дайын болот", - деди Адыл Оморов. "Мындан сырткары окуучу кыз экзамен тапшыра албай асынып калгандыгы тууралуу маалыматтар чыгып жатат. Мындай учурда асынып алган адам кат жазып калтырышы мүмкүн. Бирок кат табылгандыгы тууралуу маалымат жок", - деп кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Atas
2017-06-06 17:21:14
Ech kandai kat jok bolso bul jerde bir shektuu figura chygyp atat ogoi atasynyn kolunan kelishi mumkun
-2
aika2015
2017-06-06 17:50:21
Азыр илгерки заман эмес 2 алса ыйлагыдай. Азыркы заманда 2 алган окуучу кабагым кашым дебейт. Экзаменден отпой калган учун асынбайт болуш керек. Жакшылап тектериш керек бул жерде башка бир сыр бар.
+6
nur_zhoni
2017-06-07 09:59:41
aika2015,ар кандай адамдар бар
0
jbolotov
2017-06-06 18:31:02
Байкуш чырактай жаш кыз экен Апа атасына сабыр берсин. Аллах куноолорун кечирсин
+4
Aidani
2017-06-07 01:41:43
Улуу урматтуу Супер инфонун жалпы жааматы Жалал Абад областына караштуу Кара Кол шаарында жоголгон эгиздин тугойу, 5 жаштагы Бекзат тууралуу жпзып коесуздарбы табылдыбы дайын барбы.
0
meerim2017
2017-06-07 02:30:56
эмне эле болуп атат кырсыктан Адамдар олуп,озуно озу кол салып ал жетищпегендей бирин бири олтуруп жакшы жанылык окуй элегиме анча болду саясатта сот,шоу чойродо чыр
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан