"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Өзгөндө Мырзаке менен Кара-Шорону бириктирген жолго түшкөн көчкүнү тазалоо иштери жүрүп жатат

Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Мырзаке айылы менен Кара-Шоро жайлоосун бириктирген жолго түшкөн көчкүнү тазалоо кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу Транспорт жана жол министрлигинин басма сөз катчысы Бегайым Канатбек кызы билдирди.

“6-7-8-май күндөрү катуу жааган жаандан улам аталган жолдун 47-чакырымына жер көчкү түшүп суу жолду каптап кеткен. Натыйжада жолдун 800 метр узундуктагы бөлүгү жарактан чыккан. 10-майдан тарта бүгүнкү күнгө чейин жаратылыш кырсыгы болгон жерде 4 экскаватор, 6 автосамосвал, 1 жүктөгүч, 1 автогрейдер жана 18 адам иштеп жатат. Учурда 300 метр узундуктагы жол калыбына келтирилди”, - деди Бегайым Канатбек кызы.

Мындан сырткары ал оңдоп-түзөө иштерине суунун деңгээли көтөрүлүп жолтоо болуп жаткандыгын да кошумчалады.

Эскерте кетсек, буга чейин Өзгөн районундагы Мырзаке-Кара-Шоро унаа жолундагы көчкү 1 айдан бери тазаланбай, элдер жолдон кыйынчылык менен өтүп жаткандыктарын окурман кабарлаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан