Бишкектин четиндеги Ак-Ордо-3 конушунда мындан эки ай мурун 10 жаштагы кызды 33 жаштагы жаран зордуктоого аракет кылып кармалып, күбөлөр тарабынан тартылып алынган видео 4-июнда интернетке тараган. Окуяга күбө болгондордун биринин айтымында, кыз дүкөндөн нан алып келе жатканда 33 жаштагы жаран аны курулушу бүтө элек ээн үйгө алып кирип зордуктамакчы болгон. Бактыга жараша кыздын бакырганын уккандар жардамга келип, куткарып калышкан. Ал эми ою ишке ашпай калган адам из жашырууга аракет кылып, бирок жергиликтүү тургундар тарабынан кармалып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.
Өз атын айтуудан баш тарткан күбө окуянын чоо-жайын мындайча айтып берди: “Окуя 3-апрель күнү күндүз саат 10-11 чамаларында болгон. Кыз окуя учурунда коркуп кыйкырганын, апасы угуп калып жакын жашагандарды жардамга чакырганда шектүү кызды таштай салып качып кеткен. Мен ал качып баратканда барып калдым. Мас абалда болгондуктан ылайга тайгаланып жыгылып калды. Коюнунда бычак бар экен, жыгылганда бычак ыргып кетти. Ошол жерден кармап алып сураганга аракет кылдык. Каршылык көрсөткөнүнөн укук коргоо органдарынан кишилер келгенче колун байлап койдук. Берген суроолорубузга жооп бербей, “милицияда полковник агам бар, колуңардан эч нерсе келбейт, мен эртең эле чыгып кетем" деп кайра ачуубузга тийди. Көкүрөк тушунда “вор в законе” деп жазылган татуировкасы бар экен. Буга чейин соттолуп чыккандыгын сөгүнүп, оозго алгыс сөздөр менен аралаштыра айтып жатты.
Анын аракетине баарыбыздын эле кыжырыбыз келди. Айрымдары уруп-тепкиге алып жатышты. Таш бараңга да алып салалы деп жатышкан. Ошол учурда аны милиция кызматкерлери келип алып кетти. Ал эми кызды медицина кызматкерлери текшерүүгө алганы алып кетишкен. Мындай зөөкүрлөрдү жөн койбой, жазалаш керек".
Ал эми кыздын атасы "иш сотко өттү, он күндүн аралыгында соту болот. Андан башка азырынча эч кандай маалымат бере албайм", - деп толук маалымат берүүдөн баш тартты.
Шектүү Жалал-Абад облусунда 1984-жылы туулгандыгы аныкталган. Бул иш боюнча КРнын Кылмыш жана жаза кодексинин 28-129-беренеси (зордуктоого аракет жасоо) менен кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жыйынтыгы 2-майда Сокулук райондук сотко жөнөтүлгөнүн Чүй ОИИБинин маалымат кызматы кабарлады.