Бишкек шаарынын Лев Толстой көчөсүндө жеңил унаа өрттөндү

Бишкек шаарынын Лев Толстой көчөсүндө жеңил унаа өрттөнүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 6-июнда SUPER.KG порталына Өрттү алдын алуу башкармалыгынын башчысынын орун басары Нурлан Ташманбетов билдирди.

"Борбор калаанын Лев Толстой көчөсүндө Субару үлгүсүндөгү унаа өрттөнүп жатканы боюнча саат 15:37лер чамасында кабар түшкөн. Өрт өчүрүү кызматынын адистери барып өрттү өчүрүүгө жетишкен. Кырсыктан жабыркагандар жок. Жалындын тутанышы унаанын кыймылдаткычындагы зымдардын чукул туташуусунан келип чыккан", - деп билдирди Ташманбетов.

Бишкекте унаа күйүп кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан