Интернетте улуттар аралык кастыкты козутуучу билдирүүлөрдү жазган бир катар жарандар аныкталып, кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 6-июнда УКМКдан кабарлашты. Аталган жарандар Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы өспүрүмдөрдүн мушташы жана башка окуяларга карата активдүү комментарий жазышып, улуттар аралык мамилеге от жагууга чакырык жасашкан деп маалымдалды. Улуттук илимдер академиясынын эксперттери кылмышка айыпталган жарандардын айрым билдирүүлөрүндө улуттар аралык кастыкты козутуунун, ар-намыска шек келтирүүнүн, мазактоонун элементи бар деп корутунду беришкени белгилүү болду.
Аталган факт боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө жүрүүдө. Кылмышка шектелгендер Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренеси (Улуттар аралык кастыкты козутуу) боюнча айыпталууда.