Аксыда Тегирмен-Сай айылын сел каптап, курчоодо калган 5 үй-бүлө куткарылды

Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Тегирмен-Сай айылында селдин курчоосунда калган 5 үй-бүлө куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Авлетим айыл аймагынын Тегирмен-Сай айылында сел жүрүп, Авлетим-Товар-Сай ички чарбалык унаа жолун жана жол боюнда жайгашкан турак жайларды каптаган. Селдин курчоосунда калган 5 үй-бүлө 1 жарым саат аралыгында куткарылып, коопсуз жайга алып чыгарылган.

Ошондой эле маалыматта селдин натыйжасында адам өмүрүнө зыян келбегендиги, келтирилген материалдык чыгымдын көлөмү учурда такталып жатканы айтылат.

Аксыдагы Тегирмен-Сай айылы сел сууларынын курчоосунда калды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан