Үйдүн короосунан адамдын сөөгү табылды. Анын 10 жыл мурда шериктери тарабынан өлтүрүлгөнү белгилүү болду

Чүй облусунун Аламүдүн районунда 10 жыл мурда болгон адам өлтүрүү кылмышынын бети ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 7-июнда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына Аламүдүн районуна караштуу Төмөнкү Ала-Арча айылындагы үйлөрдүн биринде болжол менен 20-25 жаштагы адамды өлтүрүп, көмүп салышканы тууралуу маалымат түшкөн. Текшерүү учурунда каза болгон адам 1989-жылы туулган К.Т. аттуу жергиликтүү тургун экендиги аныкталган. Ал 2007-жылдан бери дайынсыз жоголуп жүргөндүгү белгилүү болгон.

"Аталган факт боюнча кылмышка шектүү адамдар аныкталды. Алар 1991-жылы туулган, бир нече жолу соттолгон Кант шаарынын жашоочусу экендиги такталган. Ошондой эле экинчиси дагы кармалып күнөөсүн моюнуна алган. 2007-жылы апрель айларында Аламүдүн районуна караштуу Төмөнкү Ала-Арча айылында маркум менен шектүүлөр ортосунда өз ара уруш чыгып кетип натыйжада адам өмүрү кыйылган. Алар шеригин бир нече жолу башка чаап, зым менен муунтуп өлтүрүшкөн. Андан соң экөөлөп үйдүн короосуна көмүп койгону белгилүү болду", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
tular
2017-06-07 13:40:07
Туууй аттаныкы...
-1
clay
2017-06-07 13:52:49
Ошондо 16 жашында ушундай кылмыш кылып калабы?
0
aiza1994
2017-06-07 14:40:06
Ошондо кылмышка шектуу 16 жашында эле олтургон болуп атабы
+1
Lekarstvosvoegomuja
2017-06-07 15:47:13
Кыныр иш кырк жылда билинет деген ушу да
0
Lady_90
2017-06-13 17:40:44
Жаш кеткен экен да( Аллахым бейишинен орун берсин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан