Ош шаарында бала бакчанын алдынан айдоочу жөө жүргүнчүнү сүздү. Кырсыкка кабылган аял ошол жерден мүрт кетти

Бүгүн, 7-июнда Ош шаарынын Апсамат Масалиев көчөсүндөгү “Жылдызча” балдар бакчасынын алдынан жөө жүргүнчүнү Nissan үлгүсүндөгү унаа сүзүп, кырсыкка кабылган аял ошол жерден каза болду. Унаанын сүзгөн соккусунан улам жөө жүргүнчү жогору ыргып, артында келе жаткан Toyota Avensis үлгүсүндөгү унаанын маңдайкы айнегине түшкөн. Жабырлануучу "Тез жардам" келгиче оор жаракатынан улам ошол жерден каза болгон.

Бул туурасында SUPER.KG порталына Ош ШИИБинин тергөөчүсү Данияр Маматалиев төмөнкүлөрдү билдирди.

Окуя бүгүн эртең менен саат 07:00 чамасында катталган. Каза болгон аял 1954-жылы туулган Ош шаарынын тургуну Хапиза Адахамова “Жылдызча” балдар бакчасында ашпозчу болуп иштегендиги аныкталды. Ал эми сүзгөн айдоочу 17 жаштагы Акылбек уулу Темирлан окуя болгон жерден эле кармалган. Учурда адам өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча иликтөө иштери башталды”, - деди тергөөчү.

Ал эми окуяга күбө болгон Ош шаарынын тургуну "Жылдызча" бала бакчасы жайгашкан жер тууралуу буларды айтат: "Ушул бала бакчага жакын жашаган жашоочулар, ал жакта иштеген кызматкерлер дайыма эле Ош шаардык мэриясына зар какшап кайрылып келебиз. Бул жер жөө жүргүнчүлөр үчүн абдан кооптуу. Мэрияга кайрылып, бала бакчанын тушуна ылдамдыкты басаңдатуучу дөңсөө коюп берүүнү өтүнүп келебиз. Бирок "эреже боюнча бул жерге дөңсөө жаткырганга болбойт" деп коюп бербей келишет. Мыйзам маанилүүбү же адам өмүрү маанилүүбү? Элдин өтүнүчү аткарылыш үчүн дагы канча адамдын өлүмү далил болушу керек? Бул жерден күнүгө ата-энелер балдарын алып өтүшөт", - дейт шаар тургуну Абдижапар Аккулов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Shef87
2017-06-07 13:20:22
20 метирге бирден кою керек ошо донсоолорду антпесе зуулдай берет мындайлар
+1
CEO
2017-06-07 13:26:32
Эртен эле айдоочунун чонтогун тоноп кайра кое беришет тергоочу, прокурор, сот дегендер. Айдоочулар жазасыз калып жатканы учун да жол кырсыктары болууда. Адам денесине оор жаракат келтирген же олумуно себепкер болгон айдоочулар бай-кедей, мэрдин, депутаттын баласы экенине карабай чекеден мыйзам боюнча камалып турмодо жазасын отоп баштаганда гана айдоочулар эсине келет. Болбосо тууган-урук, "крышалары" ортого тушуп айдоочу жазасыз калат да, дагы башкасын олтуро сузот!
+3
Karaan
2017-06-07 13:28:06
Сооронбай жээнбеков бардык мектеп бала бакчаларга лежачий полицейский койдурам деп мактанды эле го....
+3
bosmos777
2017-06-07 13:34:21
Karaan,Кечиресиз Кыргызча эле ! Донсоо десек. Кабарчы деле жакшы жазыптыр!!! Акыры Кыргыз тилибизди барктайлы!
+3
CEO
2017-06-07 13:29:38
"Тосмо арыз" деген нерсени жою керек. Мыйзам баарына бирдей болуу керек. Иса Омуркуловдун уулун же Карамушкинанын айдоочусун азат кылган прокурор-соттордун озун кошо камаш керек. Бизде мыйзам иштебейинче жоо жургунчулор коопсуздугу сакталбайт.

+5
wwwbaxa
2017-06-07 13:44:07
биздин мыйзам китепке эле жазылган душман көзүнө атак иштебейт эл өз билгениндей жашайт.
+3
Bek_Kazan
2017-06-07 14:27:29
Бизде атайын өтө турган пешехоттордон өтүшпөйт адамдар анан сүзүп кеткен айдочу жөн жерден күнөлү болуп калат
+2
salman-dastan
2017-06-07 14:57:40
17 жаштагы айдоочунун айдоочулук куболугу бар бекен? 18ге чыга элек бала го.(((
+2
kochkor.siti
2017-06-07 16:21:26
salman-dastan,16 жаштан алсан болот мен алгам
-1
Rain000
2017-06-07 15:12:44
Кайран гана бала жаш экен этият кылып айдабаптыр да. Жапжаш бала камалабы?
+2
Kroxa
2017-06-08 00:36:13
Rain000,камалбайт бизде олгон кишини куноолоп койушат чуркап чыга калган деп,канчасы сузуп эое камалбай журушпойбу ктары менен окуучуларды сузуп Бишкекте.,мыйзам иштебейт акча иштейт Кыргызстанда..
0
admin_superstan
2017-06-07 15:28:59
kanatbekabytovich82, этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
0
Lady_90
2017-06-13 17:46:51
Чындыгында кээ бир адамдар машинаны ото катуу ылдамдыкта айдайт. Жанынан зуулдап откондо, анын шамалына юбкан бир которулуп тушот го...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан