Ноокат районундагы адырдан табылган ымыркайдын колун жырткычтар жеп кеткен. Күкүк эне изделүүдө

Ноокат районунун Төөлөс айылындагы адырдан бир колу жок, жаңы төрөлгөн ымыркайдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 7-июнда Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев SUPER.KG порталына билдирди.

Маалыматта айтылгандай, учурда бул иш боюнча соттук-медициналык, биологиялык экспертиза дайындалып, текшерүү иштери жүрүп жатат. Экпертизанын жүрүшүндөгү алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, ымыркай 7 айлык кезинде, жансыз төрөлгөн.

"Баланын жансыз төрөлүшүнө энеси кош бойлуу экенин жашыруу максатында ичин катуу таңып жүргөнү себеп болушу мүмкүн экени айтылууда. Экспертиза ымыркайдын жынысы кыз экенин аныктап, төрөлөрү менен ташталганын аныктады. Анткени ымыркай тондун ичинде болгон. Бирок жырткычтар тонду жарып, оң колун жеп кетишкен", - дейт Ашырбаев.

Ал белгилегендей, 4-июнь күнү саат 18:45 чамасында аймактык тескөөчүгө адырда жансыз баланын денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Милициялар ымыркайды адырдагы чуңкурдан алып чыгышкан.

Учурда ымыркайды ким таштагандыгы иликтенүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (36)
Dilbaranurdinova
2017-06-07 15:52:11
Ит жалык жокпу ошо аял ит деле торолгон баласын таштабайткоооо
0
hayat18.
2017-06-07 16:02:39
Эмне деген коркунучтуу кабар.торогон жаш кыз болсо керекта кудайым туура жолдон адаштырбасын.
+1
aselushka
2017-06-07 16:04:52
Кандай ташбоор Адам бул, балалуу болосун деп текшерген тестин да аябай жагымдуу корунуп кетет, баласын олтуруп озу кантип жашап журот экен
+1
Nurmatova.
2017-06-07 16:28:02
Биздин айылго...

Тооба кылдым...биз жакта мындай жаман окуя боло элек болчу...
+1
meni_kut
2017-06-07 16:29:20
Баланы жасаган экоо тен соттолсун.Туубасан сактанбайсынарбы ХХХ.
+1
raykray
2017-06-07 17:00:17
ОЗУ убагында ойлонбой убактылуу жыргады, боюнда болдубу жыргатканын таштадыбы?! адашканынды билдин эчкимди укпай кетип тороп чонойтуп бакса болоберетко, азыр кичине мээнет кылсан баары бар бизди ата энебиз кыйналып иштеседа НАН таппай калган кундода баккан, кайра кайра торогон
+2
raykray
2017-06-07 17:01:19
аборт дегенда жок болчу(((
+1
ayjan_90
2017-06-07 20:18:41
Ой колун сынгыр кантип ушул ишке бардын кок мээ аял экенсин жатканды билгенден кийин торошту аны багышты да бил да журогум тилинип кетти козумдон жаштарым токтобой атат ээ Аллах пенделерге озун ыйман бере кор ушуга окшогон жолдон адашкандарга туура жол корсот
+1
aliya150715
2017-06-07 22:50:32
эййй тообаа чын комуп койсо деле болот да болбосо башында ойлонуп сактанбайбы азыр сактана турган каражаттар коп журогум жаман ооруудуууу
0
dinadeka
2017-06-07 23:27:22
ylaiym bir omur balaga zar bolup otkun akmak okup elestetip alyp jurogum tilinip ketti bizge jakyn aiyl eken. urmattuu admin ushul okuiany aiagyna chykkyla suranych.
0
meerim2017
2017-06-08 02:44:48
Балдарды кордобойлучу Эли журт.
0
tim90
2017-06-08 11:49:26
Куран: Ва изан нуфуусу зууижат, би аййи замбин кутилат. (Таквир суроосу) Тируулой олтурулгон ар бир кыздан кандай куноо себептуу олтурулгону суралган кезде... (Ар бир аборт кылынган, бейкуноо олтурулгон наристелерден да суралат "Ата-энен сени эмне себептен олтургон? деп.
0
tim90
2017-06-08 11:55:53
Бейкуноо наристелерди да сурак кылуучу Аллах Таала олтургон ата-энесин кандай сурак кылат болду экен?!
0
admin_superstan
2017-06-08 12:50:38
Shadykanov, этика нормаларын сактаңыз.
0
Mikra
2017-07-13 16:55:36
Таштаган энеден мурун ошону жасаган эркектин алигисин ит жеп кетсекен.эки дуйно жакшылык корбогурлор.НАРИСТЕ кечир Ата эненди.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан