Кытайдын бажы кызматы Шанхай эл аралык аба майданынан кокаинден жасалган 2 чемоданды алып өтүүгө аракеттенген Түштүк-Чыгыш Азиянын жашоочусун кармады. Бул туурасында ВВС билдирет.
Аба майдандын өкүлдөрүнүн айтымында, баңгизатын соодалашы мүмкүн деген тизмеде аты бар шектүү аял Түштүк Америкадан учуп келаткан. Бажы кызматкерлери текшерүү маалында рентгенден өткөн жүктөр күңүрт көрүнгөндүгүн байкап, чемодандардын ичин бошотуп таразага тартышкан. Анын бош тургандагы салмагы эле 10 килограммдан ашкан. Кийин экспертизанын жыйынтыгында кокаин затын өзгөчө ыкмада чемодан сымал формада жасап алгандыгы аныкталган. Кытай бажы кызматкерлери мындай жорукту мурда көрбөгөндүгүн айтып таңданышууда.
Айта кетсек, Кытайдын мыйзамдарына ылайык, 50 граммдан ашык маңзаты менен кармалган адам өлүм жазасына тартылышы мүмкүн.