Мьянмада бүгүн, 7-июнда жергиликтүү убакыт боюнча түшкө жакын абага көтөрүлгөн Y-8 үлгүсүндөгү аскердик учак дайынсыз жоголду. Чет элдик ЖМКлар өлкөнүн Коргоо министрлигине таянып, учактын ичинде жалпы 116 адам болгонун жазышууда.
"Алардын 11и экипаж мүчөлөрү. Учак өлкөнүн түштүгүндөгү Мьей шаарынан Янгон шаарына учуп жөнөгөн. Учурда издөө аракеттери жүрүп жатат", - деп жазылат маалыматта.
Учак Андаманск деңизинин үстүндө учуп баратып, Товай шаарынын чыгышынан 32 чакырым алыстыкта радардан чыгып кеткен. Жүргүнчүлөр аскер кызматкерлеринин үй-бүлөлөрү болгон.