Эл көп чогулган жерде террордук акт уюштурууну көздөгөн М.А. аттуу Кыргыз жараны кармалганын 8-июнда Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын маалымат катчылыгы кабарлады. Белгилүү болгондой, ал өзүн-өзү жардырууну максат кылып, колго жасалган жардыргычты даярдап жаткан.
"Ал мина жардырууну үйрөнүп, жан кечти катары атайын идеологиялык даярдыктан өтүп келген. Ошондой эле эл аралык террордук уюмдун башчыларынын буйругун күтүп, эл көп чогулган учурда өзүн-өзү жардырууга камданып, колго жасалган жарылуучу түзүмдү даярдап жаткан.
Кармалган адамдын жашаган жеринен ыкчам тергөө иш-чараларын өткөзүүдө колго жасалган жардыруучу түзүмдүн тетиктери, жардыруучу заттарды даярдоонун нускамалары, аудио-видео материалдар жана экстремисттик мүнөздөгү адабияттар, гранаттар, ок-дарылар табылды", - деп айтылат маалыматта.
УКМКнын тергөө органдары тарабынан аталган жарандын үстүнөн кылмыш иши козголуп, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.