"Апа, мени кечириңиз" деген видеокайрылуунун ээсин УКМК териштирүүдө

8-июнда колуна автомат кармап алып апасынан кечирим сураган белгисиз жарандын видеокайрылуусу интернетке тарады. Кайрылууда кыргыз тилинде сүйлөгөн белгисиз жаран көз айнек тагынып, бети-башын чүмбөттөп алганын көрүүгө жана артында ок атылып жатканын угууга болот. Учурда УКМК бул боюнча териштирүү иштерин жүргүзүп жатканын мекеменин расмий өкүлү Рахат Сулайманов SUPER.KG'ге билдирди.

Апасына кайрылган тасмада анын: "Менин убакытым аз, бизди курчап алып аткылап жатышат. Тирүү калбайт окшойм. Апа, мени кечирип коюңуз, бул жерге келип туура эмес кылыптырмын. Булар күнөөсүз балдарды өлтүрүшүп, аялдарды зордукташат экен. Эмне үчүн согушуп жатканымды билбейм, бул биздин согуш эмес", - деп айтканы угулат.

Кайрылуу кайсы мезгилде жана кайсы жерде тартылганы азырынча белгисиз. Ал эми социалдык тармактагы колдонуучулар видеокайрылууда сүйлөп жаткан адамды "ролун жакшы аткарган артист экен" деп талкуулашууда.

"Негизи автомат, куралдын үнү микрофондун үнүн угузбай коюшу керек болчу. Ал видеонун үстүнөн үн режиссёру иштеп чыккандай сүйлөгөн адамдын сөздөрү даана угулуп жатат. Кийимдери таза, адатта андай жерде боз-ала чаң болсо керек. Жардыруу маалында камера чайпалбай турат, катуу калчылдамак да...", - деген пикирлерди калтыргандар бар.

Сирияда жүрөт делген Кыргыз жараны: "Апа, мени кечириңиз!"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
scorp
2017-06-08 17:24:20
эхххх
0
kychan.98
2017-06-08 17:58:20
Негизи ал жака баргандар дин фанаттары деле эмес акчага азгырылгандар.
+7
orun
2017-06-08 18:26:37
kychan.98,ооба акча деп кетип жатышат. Жихат дешет, ал болбогон нерсе. Мына жихат озубуздо: оз нафсин менен курошуу жихат, балдарынды адал эмгек менен багып, туура тарбия берип окутуу жихат, элдерди жаман жолдон кайтарып, жакшы тарапка багыт корсотуу жихат.
+7
Leilektik
2017-06-08 18:23:09
Кайрылуусу окшошпой калыптыр монтаж бул,актёрлукка режиссёр керек екен сага
+5
meni_kut
2017-06-08 19:48:03
100% актер.
+4
Ak_Bulut
2017-06-08 20:25:04
Кайрылуу окошпойт бирок видеонун максаты туурале, барбагыла олосунор!
+9
tatynam_88
2017-06-08 20:29:18
Монтажды оной эле таап алышчу эле го УКМК. Тапсын.монтаждалган деп башкаларды баткактан сууруп чыкканды жакшы билишет.
+6
KAYRATBEK
2017-06-08 22:25:25
Менин оюмча монтаж эмес. Себеби жакынкы кундору ото тездик менен Сирия армиясы менен Ирак армиясы Игил ээлеп алган коп район шаарларды артка кайтарып алып жатат. Жанылыктардан кун сайын корсотуп жатат. Балким ошол шаарларда же райондордо согушуп жургон бир тууганыбыз курчоодо калганда видео кайрылуу жоноткону жетишип калгандыр.
0
Gulia88
2017-06-08 22:36:11
Видео атайын тартылыптыр уну жанырып жатат,сирияга кетем дегендерге эскертуу барсанар ушундай болот
+3
zhykyo
2017-06-09 00:12:21
Монтаж эмес чын эле
-2
nur_zhoni
2017-06-09 00:37:20
Армияда жургон бир досума окшош экен бул кыргызстанда элего дейм
0
meni_kut
2017-06-09 01:26:40
ун монтаж
+1
wwwww
2017-06-09 04:20:33
Окшобой калыптыр.
+1
kechirmeni
2017-06-09 09:45:40
Калппы чынбы бирок тарбиялык мааниси жакшы экен. Сирияга барам деп жургондор коруп ниетинен кайтса ажеп эмес. Анан да биринчиден энесине кайрылып энесинен кечирим сураганы энени урматтоонун белгиси
+2
admin_superstan
2017-06-09 11:22:20
KG.Kushtarbek, жалаң баш тамга менен жазууга тыюу салынган. Эскертүү!
0
aerforce
2017-06-11 03:43:04
Неге бардын Сирияга ХХХ кычып журо бербейсинби айылда айран ичип. Кыргызстан сага тар беле? Сирияда ХХХ бар беле? Журөбербейсинби Кыргызстандын гулун жыттап эмне бардын Сирияга ХХХ курттап
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан