7-июнь күнү саат 07:00 чамасында Ош шаарында аялды унаа менен сүзгөн 17 жаштагы айдоочу рулда мас абалында болгон. Бул туурасында SUPER.KG порталына Ош ШИИБинин басма сөз кызматынын өкүлү Зинагүл Урманбетова билдирди.
“Шаардын Масалиев көчөсүндө унаасы менен аялды сүзгөн айдоочу Акылбек уулу Темирлан унааны мас абалында башкарып жүргөндүгү аныкталды. Ал өзү 9-классты аяктап, учурда Ош шаарындагы окуу жайлардын биринде окуп жаткан. Ошол күнү ал досунун унаасын сурап ичине унаанын ээсин жана эки кызды салып келе жатканда ушул окуяга кабылган. Ошондой эле анын айдоочулук күбөлүгү жок экендиги да белгилүү болду. Учурда айдоочу убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, тергөө амалдары жүрүп жатат”, - деди Урманбетова.
Эскерте кетсек, 7-июнда Ош шаарынын Апсамат Масалиев көчөсүндөгү “Жылдызча” балдар бакчасынын алдынан жөө жүргүнчүнү Nissan үлгүсүндөгү унаа сүзүп, кырсыкка кабылган аял ошол жерден каза болгон.