8-июнга караган түнү Украинанын Киев шаарында Америка Кошмо Штаттарынын элчилигинин айланасында жардыруу болду. Украина бул окуяны "террордук акт" деп баалады. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышууда.
Маалыматтарга ылайык, белгисиз киши дипломатиялык өкүлчүлүктүн аймагына жардыруучу зат ыргыткан. "Украина бийлиги бул жардыруудан кыйроолор жана жабыркагандар болгон жок экенин билдирди. Бул факт боюнча "Террордук акт" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Ал эми АКШнын элчилиги бул окуя терракт эмес экенин айтууда. Дипломатиялык өкүлчүлүк штаттык режимде иштеп жатат", - деп жазышат басылмалар.