Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Озёрный айылындагы көлмөдөн белгисиз сөөктөр табылды. Мындай маалыматты бүгүн, 9-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта аталган айылда 2015-жылдын 10-июнунда дайынсыз жоголгон тургунду издөө иштерине куткаруучулар чыгышып, суудан белгисиз сөөктөрдү таап чыгышканы айтылат.
"Табылган сөөктөр адамга же жаныбарга таандык экени белгисиз. Учурда милиция кызматкерлерине экспертиза дайындап, аныктоо максатында өткөрүлүп берилди", - деп билдирди басма сөз кызматы.