Нарындагы жаңжалга байланыштуу "бейбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголду

Нарын шаарындагы Борбордук Азия университетинин студенттери менен жергиликтүү жаштардын ортосундагы жаңжалга байланыштуу "бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Мындан сырткары ИИМдин облустук милициясынын кызматкерлеринин аракетине карата кызматтык иликтөө жүрүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, 27-майда университеттин студенттери менен жергиликтүү жаштардын ортосунда спорттук мелдеш өтүп, андан кийин жаңжал чыккан. 8-июнда жергиликтүү жаштар чет өлкөлүк студенттердин айрымдарын өз мекенине кетүүсүн талап кылып акцияга чыгышкан. Талап койгон учурда университеттин мугалимдери да болушкан.

ИИМдин басма сөз катчысы Эрнист Осмонбаевдин айтымында, жергиликтүүлөрдүн сөзү мугалимдерге туура эмес которулуп калган, ал түшүнбөй калып, чөгөлөп жиберген. Бул окуя боюнча видео интернетке тарап, коомчулукта чоң талкууга алынууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
admin_superstan
2017-06-09 15:59:25
Nadirov, аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
0
jbolotov
2017-06-09 23:00:27
Анча мынчаны бийлик куч органдары билмексен болуп коюга качан уйронот? Жаманды коногу бийлейт болбой чет элдиктер билсинда кайда жургонун.Россияда билмексен болушуп "скинхеддерди" Жириновскицге окшогондор калкалайт дешет. Нарындык жигиттерге азаматсынар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан