2009-жылы 9-июнда Пакистандын Пешавар шаарындагы "Pearl Continental" мейманканасында жардыруу болгон. Анын кесепетинен 17 адам каза болуп, 46 киши жаракат алган.
Жардыруу болгонго чейин мейманкананын имаратын АКШ сатып алып, ал жерге консулдук ачууну пландап жаткан. Окуянын күбөлөрү кылмышкерлер жүк ташуучу унаада мейманканага келишкенин, бир нече жолу ок чыгарышканын айтышкан. Террордук актта имараттын 500 чарчы метри күйгөндүгү, ага жакын токтотулган унааларга зыян келтирилгени маалымдалган. Жабыркагандардын арасында жергиликтүү тургундарга ыктыярдуу түрдө жардам берүүгө чет өлкөдөн келгендер болгон. Каза болгондордун арасында БУУнун, ЮНИСЕФтин кызматкерлери да бар.
9-июндун жылнаамасы.