Журналист Улукбек Бабакуловго карата улуттар аралык кастыкты козутту деген кылмыш иши козголду. Буга журналисттин Фергана Ньюс сайтына жана башка ресурстарга жарыяланган макалалары себеп болгон. Бул тууралуу 9-июнда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Улуттук Илимдер академиясынын жана Кыргыз улуттук университетинин эксперттери жана адистери Бабакуловдун макалалары боюнча иликтешкен. Жыйынтыгында макалаларда улуттар аралык кастыкты козгой турган жана ошондой эле улуттук намыска тие турган чакырыктар бар экени аныкталган.
"Бабакуловдун бул макалаларды 2010-жылдагы Июнь окуясын утурлай жарыялашы анын чет өлкөдөн саясий башкалка алуу максатын көздөгөнү аныкталды", - деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы.
Айта кетсек, 1-июнда парламентте депутаттар укук коргоо органдарын улуттар аралык кастыкты козгоп жазылган макалаларга көңүл бурууга чакырышкан. КСДП фракциясынан депутат Айнуру Алтыбаева журналист Улугбек Бабакуловдун "сарт" деп жазган макаласы тууралуу айтып чыккан.
Ошол эле фракциянын депутаты Мурадыл Мадеминов аталган маселе боюнча укук коргоо органдары бүгүнкү күнгө чейин реакция жасабай жатканына нааразы болуп "мындай журналисттерди Кыргыз жарандыгынан чыгарыш керек", - деген эле.