4-июнга караган түнү Улуу Британиянын Лондон шаарында катталган терактка шектелип дагы бир адам кармалды. Бул тууралуу маалымат аталган шаардын полиция кызматынын расмий сайтында маалымдалат.
Анда 27 жаштагы жаран Лондондогу Илфорд шаарчасында өз үйүндө кармалганы айтылат. Ал "терроризмге даярдоо, катышуу жана аны уюштурган" деп шектелүүдө. Учурда кылмышка шектелип, камакта жалпы 5 адам кармалууда. Дагы 12си коё берилген.
Белгилей кетсек, 4-июнга караган түнү Лондон көпүрөсүндө өтүп бараткан унаа адамдарды сүзүп баштаган. Андан соң адамдар көп жүрчү "Боро Маркет" районуна жетип, кылмышка шектүүлөр унаасын таштап, көчөдөгү адамдарга бычак менен кол салышкан.