Бүгүн, 11-июнда темир жол өтмөгүндө поезд менен маршруттук такси сүзүштү. Бул тууралуу коомдук активист Айбек Баратов өз баракчасына жазды. Ал эми жол кайгуул кызматы маалымат тарата элек.
Белгилүү болгондой, маршруттук таксинин айдоочусу жакындап калган поезддин алдынан жетишип айдап өтүп кетем деп кырсыкка кабылган.
Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат катчылыгынын өкүлү Елена Баялинова билдиргендей маршруттук таксинин ичинен бактыга жараша эч ким жабыркаган эмес. Айдоочусу гана башынан жаракат алган.
"Чүй облусуна караштуу Москва райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун башчысынын орун басары Надежда Белоглазованын айтымында, бүгүн саат 19:12лер чамасында "Тез жардам" кызматына телефон чалуу түшкөн. Окуянын күбөлөрү кырсык Петровка айыл аймагындагы темир жол өтмөгүндө орун алганын айтышат. Жергиликтүү маршруттук каттам менен Ош шаарынан Бишкекке келе жаткан маршруттук такси темир жолду кесип өтөм деп жетишпей калган дагы, поезд менен сүзүшкөн. Кырсык катталган жерге барган медицина кызматкерлери жабырлануучу, унаанын айдоочусуна алгачкы медициналык жардам көрсөттү. Алдын ала коюлган диагноз боюнча айдоочунун баш мээси чайкалган. "Ал ооруканага кайрылуудан баш тартты. Маршруттук таксидеги башка жүргүнчүлөр жабыркаган эмес. Жабыркаган айдоочунун каршылыгына карабай, туугандары Сокулук районунун аймактык ооруканасына жаткырышты" деп билдирди Белоглазова", - дейт катчылыктын өкүлү.