Казакстандын Алматы облусунун Карасай районуна караштуу Кыргаулды айылында бир үй-бүлөдөн 3 киши дааратканага түшүп кетип каза болушту.
Жергиликтүү маалымат булактарынын жазып чыкканына караганда, окуя 6-июнда болгон.
“Бейрасмий маалыматтар боюнча 10 жаштагы кыз чөнтөк телефонун дааратканага түшүрүп алат. Ал кызга 50 жаштагы эркек киши менен 24 жаштагы келин жардамга келип, телефонду алууга аракеттенип жатышып, үчөө тең дааратканага түшүп кеткен. Кийинчерээк каза болгон үчөөнүн сөөгүн кошуналар алып чыгышкан”, - деп айтылат маалыматта.