Орусияда зыяраттан кайтып келаткан автобус оодарылып, ичинен 12 жүргүнчү каза болду

11-июндан 12-июнга караган түнү Орусиянын Петровск-Забайкальск районундагы Байкал унаа жолунун 702-чакырымында 51 жүргүнчүсү менен бара жаткан автобус жолдон чыгып ала салып кеткен. Кырсык тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматта белгилүү болгондой, жол кырсыгынан 12 адам каза болуп 39 адам түрдүү оор жаракаттары менен ооруканаларга жаткырылды. Автобустун жүргүнчүлөрү Читадагы Варлаам монастырына зыярат кылып, кайтып келаткан адамдар экендиги айтылууда. Жол кырсыгы катталган аймактын жергиликтүү бийлиги билдиргендей, Чита-Иркутск унаа жолунун 702-чакырымында оңдоо иштери жүрүп жаткан. Айдоочу жол белгисин байкабай 30 метр бийиктиктен ылдый кулап, ала салып кеткен дешет. Окуя болгон жерде 100дөн ашуун куткаруучулар иш алып барышууда.

Орусиянын Байкал унаа жолунда автобус аласалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Ajar812
2017-06-12 11:11:44
Ажал алам десе коз ачып жумганча алып кетет экен шылтоосун табып.Терак кылып жардырдынар деп канча бей куноо адамды кордоп атат орустар.
+7
toktor89
2017-06-12 11:56:35
Ajar812, мунун баары Жараткан Аллах Тааланын сыноосу. Так что омурун барда кунунду текке кетирбей намаз окуп жакшы иш алалдарды кылуубузду ААллах насик кылган болсун.
+4
kychan.98
2017-06-12 14:51:58
Ajar812,туура мусулмандарды айрыкча кыйнап атышат алла таалам коргозот буларга
0
moskoy
2017-06-12 22:03:47
kychan.98,теракт жасап олтуруп жатышса мусулман экен деп жон койуш керек беле.
+2
stervella415
2017-06-14 07:22:11
moskoy,туура айтасын терористер ким болсо да улутуна динине карабай жазасын алыш керек..хоть кыргыз болсо да...кырсык каш кабактын ортосунда..жаткан жерлери жайлуу болуп аллахым бейиштен жер берсин амин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан