Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Төмөнкү Ала-Арча айылында 4 жашар кызды сүзүп кеткен 16 жаштагы өспүрүм айдоочу кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Бишкек ШИИБинин басма сөз катчысы Адыл Оморов билдирди. Анын айтуусунда окуя 10-июнь күнү саат 16.30 чамасында болгон.
"Бишкектин Төмөнкү Ала-Арча конушунда жолго чуркап чыккан кызды Хонда Фит үлгүсүндөгү автоунаа сүзүп кеткен. Айдоочу ошол эле конуштун тургуну болгон. Ал нес абалда болгондуктан унаасын айдап үйүнө барган. Ошол жердеги адамдар унааны тааныгандыктан аны табуу кыйынчылыкты туудурган эмес", - дейт Адыл Оморов.
Мындан тышкары кырсыкка кабылган 4 жашар кыз ооруканада дарыланып жатканын билдирди.