Эсептөө палатасынын аудитору менен тескөөчүлөрү ири суммадагы пара алып жаткан жеринен кармалышты

Эсептөө палатасынын аудитору менен тескөөчүлөрү пара менен кармалды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тараткан маалыматка ылайык, Эсептөө палатасынын аудитору Э.Э. жана анын кол алдындагы тескөөчүлөр К.У. менен М.К. аудит жүргүзгөн объекттеринен мыйзамсыз түрдө акча каражатын алып жүргөн.

Маалыматта айтылгандай, 9-июнь күнү аудитор Э.Э. жана инспектор К.У. иш бөлмөсүндө өздөрү текшерүүгө алган объекттин өкүлдөрүнөн ири суммадагы пара алып жаткан жеринен кармалган. Бул кызматкерлерге карата жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында аудитор жана инспекторлор буга чейин текшерүүгө алган объекттерден акча каражатын алып жүргөндүгү, анын көпчүлүк бөлүгү Э.Эге берилгени белгилүү болду.

Учурда аудитор жана тескөөчү УКМКнын тергөө абагына камалды. Ал эми дагы бир тескөөчү аталган жайдын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Аталган факт боюнча тергөө-иликтөө иштери уланууда.

Белгилей кетсек, Эсептөө палатасында "Э.Э." инициалы менен аудитор Эмилбек Эркинбек уулу бар. Ал бул кызматка парламенттеги "Республика-Ата Журт" фракциясы тарабынан сунушталган. Эсептөө палатасынын аудиторлорун шайлоо 2016-жылдын март айында өтүп, Эмилбек Эркинбек уулу 100 эл өкүлүнүн оң баасына татыса, 13 депутат ага каршы добуш берген. Эркинбек уулу бул кызматка чейин Мамлекеттик салык кызматынын Сузак райондук бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары болуп эмгектенген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
azamat1978
2017-06-12 16:02:47
Кармалып ошобойлон жыйынтык жок
+3
TalaCSKA
2017-06-12 16:09:54
Ошол акчага кантип уйуно балдарына нан,сут алып барып беришет? ошол акчага келген нанды балдары жеп жатканда кантип журогу чыдап карап турушат?
+2
jbolotov
2017-06-12 16:18:01
Системалык турдо мамлекетти жейберсе келечегибиз эмне болот? Мамлекетти ойлогон адамдар бийлике келсе экен.
+3
Rakyl12
2017-06-12 16:21:05
булардын апетити чон, бизди жакындале тершерип ар бирибизден 15 мин сомдон алып кетти, 20 адамдан ошондо 300 мин алып кетти.
+3
kanatbekabytovich82
2017-06-12 17:10:19
Алып келген,алып эле жатышат жана мындан ары да ала беришмекчи...Булар болбосо башкалары....
+3
Abdusamat.kg
2017-06-12 18:20:41
Башка партияга бергиле алар жесин эми . Баарыңар издешпей табышкансыңар
+2
Adil706070
2017-06-12 18:58:19
А берки экоосу КСДП дан окшойт,алар кайсы партиянын атынан кызматка дайындалганы айтылбай жатканына караганда
+2
jbolotov
2017-06-12 20:25:16
Азыр бизде карапайым калка билинбеген закондор бар. Акчан копбу анда жогорку кызматка кетебересин. УКМК эми не кылаар экен акчасын алып кое береби же мыцзам турундо жазаланабы СИ маалымдасанар жакшы болмок
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан