Милиция тарабынан куугунтукка алынган унаанын терезесинен баңгизат ыргытылды

Чүй облусунда 25 жаштагы тургун 26 килограмм салмактагы баңгизаты менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-июнда Ички иштер министрлиги маалымдады.

Берилген маалыматка ылайык, 10-июнь күнү Жайыл райондук баңгизатын мыйзамсыз айландырууга каршы кызматы шектүү делген Мазда үлгүсүндөгү унаанын артынан түшкөн. Айдоочу милициянын токтоткондугуна баш бербей айдап, унаанын арткы терезесинен баңгизаты бар баштыктар ыргытылган.

"Милиция кызматкерлери шектүү делген унааны Панфилов районунан кууп жетип, аны башкарып бара жаткан Чүй облусунун 1992-жылы туулган А.Х. аттуу тургуну экенин аныкташкан. Анын жанынан 26 килограмм баңгизаты табылып, текшерүүдөн кийин табылган зат кургатылган марихуана экени билинди. Учурда кылмышка тиешеси бар делген, унаадан түшүп качып кеткен дагы 2 жаран изделүүдө. Бул боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында иликтөө иштери жүрүп жатат", - деп жазылат ИИМдин маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Seryi-Kardinal
2017-06-12 17:29:43
Куугунга алынган болот
+1
RusMos76
2017-06-12 18:09:54
38лмн 200мин сом доллар дегенге ким тушунду?
0
Leilektik
2017-06-12 18:43:06
RusMos76,38мил,200мин доллар адашып жазып алганго сомду кошуп,38мил,200мин сомго 10метрлик туннель да бутпойт дорогой озун ойлонуп тушунуп койобергиле,
-1
tynkatar03
2017-06-12 18:30:45
бир жашынан баштап чогултуп го))) 25 ке чыкканда 26 кг. бир кг ашыгы менен ХХХ
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан