Кемин районунда жол кырсыгынан 6 адам жаракат алды

Чүй облусунун Кемин районунда жол кырсыгы катталып, 6 адам жаракат алды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Чүй облустук Патрулдук милициясынын басма сөз кызматынын жетекчиси Тилек Исаев кабарлады.

Анын билдиришинче, 13-июнь күнү таңкы саат 04:30да Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 113-чакырымында “Гольф” үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып кетип, 1988-жылы туулган 6 жигит жаракат алган. Алар райондук ооруканага "Тез жардам" кызматы аркылуу жеткирилишкен.

"Айдоочу унааны катуу ылдамдыкта айдап баратып, кайрылыштан унааны башкара албай калып жолдон чыгып кеткен. Бул окуя боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалды", - деди Исаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан