Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Төмөнкү Ала-Арча айылында 16 жаштагы айдоочу сүзгөн 4 жашар кыздын абалы жакшы. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Бишкек шаарындагы №3-балдар ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Данияр Шайбеков билдирди.
"Учурда абалы мурдагыга салыштырмалуу жакшы. Баш сөөгүндө ачык жаракаты бар, баш мээси чайкалган, бетинде сүрүлгөн жана сыйрылган жерлери бар. Коркунучтуусу анын баш сөөгүндөгү жаракат", - дейт Данияр Шайбеков.
Наристе кызды сүзгөн 16 жаштагы айдоочу тартип сакчылар тарткан видеого окуянын кандай болгонун айтып берген.
"Жолдон эч ким көрүнгөн эмес, бир убакта эле күтүүсүздөн кичинекей кыз чуркап чыкты. Мен унааны токтотууга аракет кылдым, бирок жетишкен жокмун. Нес абалда болгондуктан окуя болгон жерден кетип, унааны үйгө алып барып токтотуп койдум", - дейт ал. Мындан тышкары ал айдоочулук күбөлүгү жок экенин айткан.