Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Курманбек айыл аймагындагы Кара-Чолок айылында 9-класста окуган бала асынып каза болду. Мындай маалыматты бүгүн, 13-июнда SUPER.KG порталына Сузак районуна караштуу Курманбек айыл аймагынын башчысы Дайыр Бакиров билдирди.
"Бул Курманбек айыл аймагынын Кара-Чолок айылындагы жайлоодо болгон. 9-классты бүткөн окуучу өз жанын кыйып асынып алыптыр. Буга чейин да асынууга аракет жасаган экен. Анда ата-энеси куткарып калышкан экен. Өспүрүмдүн эмне себептен андай жолго барганы белгисиз болууда", - деп билдирди Бакиров.
Ал эми укук коргоо органдарынан бул тууралуу комментарий беришкен жок.