Бишкек-Ош унаа жолунда КамАЗ үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа жол кырсыгына кабылып, айдоочусу каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 13-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Жалал-Абад облусунун Сузак районунда Барпы айыл аймагына караштуу Беш-Мойнок участкасында КамАЗ үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа оодарылып, айдоочу каза болгон. Кырсык Бишкек-Ош унаа жолунун 576-чакырымында 13-июнь күнү болжол менен саат 12:30 чамасында орун алган", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, айдоочу унааны башкара албай жолдон чыгып, жарга оодарылып кеткен. Сузак райондук Патрулдук милиция кызматкерлери каза болгон жаранды туугандарына өткөрүп беришкен.