Майлуу-Сууда дарыядан адамдын буту табылып, ал кимдики экендиги белгилүү болду

Майлуу-Суу шаарындагы Майлуу-Суу дарыясынан адамдын бутунун тизеден ылдыйкы бөлүгү табылды. Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз катчысы Мыктыбек Турдубаевдин 13-июнда SUPER.KG'ге билдиришинче, бут сөөк кимдики экендиги аныкталды.

"7-июнь күнү Майлуу-Суу шаардык ички иштер бөлүмүнө бул боюнча маалымат түшүп, милиция кызматкерлери сөөктү суудан алып чыгышкан. Дароо эле шаардагы биргелешкен ооруканага алып барышып, ал жерде сырттан кароо жүргүзүлүп, бут сөөк 1962-жылы туулган шаар тургунуна таандык экендиги жана буттун ээси тирүү экендиги аныкталды.

Белгилүү болгондой, шаар тургуну 2016-жылдын ноябрь айында буту ириңдеп кетип шаардык ооруканага барып кестирип салган экен. Кесилген бут бөлүгүн талаага алып барып күйөө баласына көмдүрүп койгон. Иликтөө иши жүрүп, сөөк көмүлгөн жерди казганда, табылган жок. Мүмкүн иттер чукуп чыгып, андан ары сууга сүйрөп барышкандыр. Ошого карабастан биз облустук тийиштүү экспертизага жиберип, шаардагы буту кесилгендерди текшерүүгө алып чыктык. Себеби сөөк ошол бутун ампутация кылдырган адамга таандыкпы, жокпу баары бир экспертиза жүргүзүлүшү керек", - деди Турдубаев.

Басма сөз катчы бул окуяда кылмыштын изи табылбагандыгын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (23)
abusait
2017-06-13 17:26:54
Терен казып комбойбу анан, шалаакылык кылбай.
+5
kanatbekabytovich82
2017-06-13 17:30:13
Еппппарасыты.....Ушул жерде беле жанакы жиндикана???
Анда норм)))
Уккан элем,врачтар даже кесилген сокур ичегини да бербейт деп...
+4
Fidel
2017-06-13 17:36:06
kanatbekabytovich82, Майлуу суу шаары деп турат! Ал сен айткан жинди кана Кызыл Жар Аксы районуна карайт,илгери СССР убагында Майли сай болчу
+3
Sardarakam
2017-06-13 17:32:16
Тааза кызыктуу жаңылыкго өмүрүмдө мындай жаңылык укпадым эле, тообо хехехе
+6
baltabaev
2017-06-13 17:47:49
Ха ха дароо таап алгандарын а,башкасы болсо отурушат эле айласы кетип таппай.Негизи биздин эксперттер кыйынсынар ))
+11
baltabaev
2017-06-13 17:48:22
Коммент кана супер
0
admin_portal
2017-06-13 17:50:47
baltabaev, саламатсызбы? Бетти жаңылап, кайра карап көрүңүз.
-1
baltabaev
2017-06-13 17:48:49
Жашырбай чыгарып койгула
+3
akow
2017-06-13 18:14:55
Майли сай шаарчасы Аксыга эмес Таш комурго карайт
-3
Abdusamat.kg
2017-06-13 18:35:50
akow,таш көмүр өзү шаар. Акылыңды иштет
+3
Ruslan_000
2017-06-13 18:26:53
Бутунузду биз таап алдык эле жоготкон жоксузбу десе тиги кишида тан калгандыр кайдан таптынар деп.
+13
raykray
2017-06-13 21:31:49
Ruslan_000, опко журогум узулгончо кулдумго, точно!!!
+1
Truelensk
2017-06-13 19:23:33
Бироонун буту табылды деп уктум.
0
Lady_90
2017-06-13 21:05:46
Кудай сактааа!
+2
Dilnaz.kiko
2017-06-13 21:39:43
Ал ириндеп кеткен бут суу агып канча жатты болду экен
+2
venera9899
2017-06-14 00:06:28
Dilnaz.kiko,ошону айтпайсынбы, ал сууну Кок таш айыл тургундары таза суу катары пайдаланышат
+3
didu
2017-06-13 22:40:34
куйо бала барее жиндини таапсынар деп жарым жолдо дарыяга ыргытса керекта
+3
aravan.kg
2017-06-13 23:24:57
Шариятта олгон адамдын бардык дене мучолору менен кошуп комуу керек. Аны комуп салган туура эмес деп ойлойм
0
rizolda
2017-06-14 11:17:35
aravan.kg,ал буттын хозяины тируу, комбой кайда мактайт эми
+2
Ayida
2017-06-14 05:21:15
Куйобала комгондон зеригип ыргытканда сууга
+2
nazira...
2017-06-14 11:02:34
Ал суудан ичкен адамдар эмне болду, и так эле радиация аралашкан суу ичишет эле.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан