Москвада Орусиянын ТНТ каналындагы "Көзү ачыктар таймашы" ("Битвы экстрасенсов") теледолбоорунун финалисти Илона Новоселованын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Москванын ыкчам кызматы РИА Новости агенттигине кабарлаган.
"Илона Новоселованын денеси анын батири жайгашкан үйдүн алдынан табылган. Ал жерге 6-кабатта жайгашкан батиринин терезесинен түшкөн деп болжолдоого болот. Денесиндеги жаракаттарды алдын ала эксперттер текшерүүгө алып, бийиктиктен кулагандагы сынык-жаракаттар деп болжошууда. Ижарага алып жашаган батиринде сүйлөшкөн жигити менен чогуу жашаган. Окуя боюнча кылмыш иши ачылып, тергөө жүрүүдө", - деп билдирген ИИМдин Москва шаардык Башкы башкармалыгы.
Көзү ачык Илона Новоселова "Көзү ачыктар таймашы" долбооруна 2008-жылы катышкандан тартып таанылган. Ал аталган долбоордун 6-сезонунун финалына чейин жетип, "мени менен сүйлөшкөндөр финалга катышпай эле кой деп талап кылып жатышат" деп, таймаштан баш тарткан. Андан кийин долбоордун 7-сезонунда кайрадан пайда болуп, "Көзү ачыктар иликтөө жүргүзөт" аттуу берүүгө да катышкан.