Аксы районунда мал сарай ичиндеги музоолору менен кошо өрттөнүп кетти

Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кашка-Суу айыл аймагынын Өлөң-Булак айылында мал сарай ичиндеги малдары менен кошо күйүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 14-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мал сарайдын 600 чарчы метр аянты күйгөн. Өрттүн чыгуусуна балдардын от менен ойногондугу себеп болгон. Кырсыктын кесепетинен миң түк чөп, 3 музоо күйүп кеткен. Өрттүн чыгышы адам өмүрүнө зыян алып келген эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
AykaMer
2017-06-14 12:00:44
Кудай сактай кор... Балдарды кой деген адам болбоппу?! Уйларга жаман болуптур
0
TRAMPAM
2017-06-14 13:37:44
Жаман иш болгон турбайбы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан